Төө-Ашуу ашуусунда унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат

ЖКККББ: Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 142-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу, ошондой эле жарандардын өлүмүн жана коопсуздугун алдын алуу жана жолдордо коопсуздукту камсыздоо максатында кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан.


Жогорудагы иш-чараларды жүргүзүү максатында Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 142-чакырымында 2022-жылдын 30-мартында кар көчкү түшкөн аймактарга кар массасын мажбурлап түшүрүү учурунда гана унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы