“Расмий оюндарга бул катачылыктарды оңдойбуз деп ишенем”,- Крестинин

Кечээ, 29-мартта эл аралык Navruz Cup турниринин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешти. Оюн 1:0 эсеби менен Тажикстандын курамасынын жеңиши менен аяктады.

Кыргыз футбол союзунан оюндан кийин Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин маалымат жыйын өткөргөнүн билдиришти. «Албетте, жыйынттыкка ыраазы эмеспиз, анткени, биз сапаттуу оюн көрсөттүк. Биринчи, экинчи таймда дагы гол жаратууга көп жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Андан сырктары, тең чыгууда көбүрөөк жеңип турдук, топко ээлик кылдык, катачылыктар аз болду. Азчылыкта ойноп жатып дагы оюнду контролдоп турдук, атаандаштын талаасында ойноп жаттык. Ал эми биздин дарбазабызда дээрлик кооптуу учурлар жаратылган жок. Оюнда биз артыкчылык кылып жатканыбыз үчүн жеңилүү ызаасы андан бетер оор болуп жатат. Бул жыйынтык расмий эмес оюнда болгону жакшы, ал эми расмий оюндарга бул катачылыктарды оңдойбуз деп ишенем»,- деди ал.

Ал оюнда көп кызыл айып кагазы болгону тууралуу калыстыкты талкуулабай турганын айтты. «Калыстыкты мен талкуулабайм. Биздин оюнчу андай аракеттерге барбаш керек болчу, ал менен олуттуу маек курдук»,- деди машыктыруучу.

«Валерий Кичин эмнеге ойногон жок? Анын жоктугу оюнга таасир эттиби?» деген суроого оюнчунуну таасири чоң экенин белгиледи. «Албетте, ал курама капитаны, анын командага болгон таасири чоң. Бирок биз бир оюнчудан көз каранды болбошубуз керек. Ал клуб менен болгон макулдугунан улам, ал жакка кайткан. Бирок анын ордунда жаракат же дисквалификация болсо эмне кылат элек? Ал менен же ал жок ойноого даярбыз. Бул курама команда, ар бир оюнчунун ден-соолугуна биз таасир эте албайбыз. Ошону үчүн биз ар кыл шарттарды эске алып, ошого даяр болуп турушубуз керек»,- деди Крестинин.