Жылдыз Жолдошева: “Кумар оюндары бар жерде наркотика, сойкулук, кылмыш…”

Кумар оюндары бар жерде наркотика, сойкулук, кылмыш ж.б. жаштарга терс таасирин тийгизе турган «жагымсыз», аягы «трагедия» менен бүтө турган көрүнүштөргө күбө болдук. Мындай пикирин саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди.

«Урматтуу Акылбек Усенбекович, казино ачып, кайрадан бир ууч кыргыз элин азапка салбаңыз.

КРнын ЖКнын 5-чакырылышынын депутаттары, биз араң жапканбыз казино, кумар, компьютер ж.б. оюндарын.

Эмне себептен жапканбыз? Анткени, кумар оюндары бар жерде наркотика, сойкулук, кылмыш ж.б. жаштарга терс таасирин тийгизе турган «жагымсыз», аягы «трагедия» менен бүтө турган көрүнүштөргө күбө болгон соң.

Эмнеге күбө болдук?

Кумар оюндарынын азабынан тыйылбаган энелердин көз жаштарына, жаштар өз өмүрүнө кол салышып, миңдеген өмүрлөр кыйылганына, талкаланган тагдырларга, үй-жайлары сатылып, көчөдө калган үй-бүлөлөрдүн, сойкулакка берилген кыздарыбыздын, наркоман болуп кеткен жаштарыбыздын тагдырына.

Бул фактыларды кечиресиз, Сиз менен жакшы билесиз…

2010-жылда болуп өткөн апрель-июнь окуяларынан соң өлкөбүз, элибиз, же экс президент Алмазбек Атамбаев жыргап жаткан убакыт беле?

Ооба, А.Атамбаев да казинолор бир гана чет элдиктерге, туристтерге иштесе, бюджетке акча түшүп турса, президент катары башкаруума жеңил болсо дегенде эки көзү төрт эле. Бирок, биз Алмазбек Шаршеновичти ынандыра алганбыз, элибиздин тынч, бакубат жашоосу млрддаган каражаттан жогору тураарын.

Апрель-июнь окуясынан кийин, талкаланган Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан кийин ар бир тыйын (ошол жылдары баарыбыз өтө кыйналганбыз десек жарашат, азыр кудайга шүгүр) республикага керек болуп турганда, элдин «канын соргон» кумар оюндарын жабууга көпчүлүк депутаттар катуу туруп бергенбиз, о.э. республикалык бюджет көрүп билбегендей жетишпей, А.Атамбаевке президент катары канча оор болуп турса да, Жогорку Кеңештин чечимине каршы турган эмес.

Бул да чындык… Туризмди, казино ачуу менен колдой албайсыңар. Туризмге жол ачам десеңер заманбап инфраструктура керек. Аэропорттон баштап, эс алуу жайларга дейри…

Ал эми бюджетти толтурам десеңер, контрабанда, коррупция менен күрөшкүлө. Ошончо эле акча каражатыңар көп болсо, айыл-чарба жана өнөр жайга көңүл бургула. Ал эми, кен байлыктарды иштетем деп, өтө кооз жаратылышыбызды талкалап албасаңар. Туристтер казиносуз эле биздин өлкөбүзгө агылып келээри талашсыз.

Р.S. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Акылбек Усенбекович, деги эле бийлик төбөлдөрү менин факты менен жазган ой-пикирлерими орус тилинде жазсам «в штыки» кабыл албай, тескерисинче туура кабыл алып жүрсөңөр.

Анткени, мамлекетибиз өтө оор мезгилге капталган учурда, апрель-июнь окуяларынан кийин биз да колубуздан келишинче элибиздин, өлкөбүздүн келечеги үчүн күнү-түнү иштегенбиз жана көптөгөн нерселерди башыбыздан өткөрдүк. Мындан ары да саясатчы катары кайдыгер болбой, кайсы маселе болбосун өз оюбузду ачык, өз убагында коомго билдирип турабыз, бул биздин парзыбыз», — деп белгилеген Жолдошова.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди

Бул ортодо Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Анда кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат деген жобо жазылган.

Эске салсак, 2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров кумарканалар жабылган жылдары миллиарддаган сом бюджетке түшпөй калганын, бюджетти толтуруу үчүн кайра ачыш керектигин билдирген. Мындай жайларды Ысык-Көлдө гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.