1-майдан 10-майга чейин эс алуу күндөрү боюнча тийиштүү документтер даярдалып жатат

Кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин эс алышы мүмкүн. Себеби – 1чи, 5чи жана 9-май майрам күндөрү болсо, Орозо айт майдын башталышына туура келүүдө.

4-5-май иш күн болгондуктан, бул күндөрдү 30-апрелге жана 14-майга (ишемби күндөргө дал келет) жылдыруу сунушталууда.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдиргендей, учурда бул маселе боюнча тийиштүү документтер даярдалып жатат.