Бишкекте дүкөндөгү жаш кызга кол салууга шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Саат 21:00дө Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөнгө жаран кирип, күч колдонуп, соода кылып жаткан өспүрүм кыздан 5 миң сом тартып алып, качып кеткен.

Милиция тарабынан кылмышка шектелип 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.