“Next TV” телеканалынын иши: «Физрук уулдарын согушка жөнөтсүн» деп президентти айтып жатышат, – лингвист

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Next TV” телеканалынын Кыргызстанда көрсөтүүсүн токтотуу боюнча Башкы прокуратуранын арызын карады.

Судья Айнура Сатарова лингвист Жийдегүл Семёновадан маалымат каражаттарынын жарыяланышы президент Садыр Жапаровдун атын булгап жатканын эксперттер кантип аныктаганын сурады.

«Посттун астындагы комментарийлерде алар: «Физрук уулдарын согушка жөнөтсүн» деп жазышкан. Кыргызстандын президенти жөнүндө сөз болуп жатканы логикага туура келет», — деди эксперт.

«Бирок, мисалы, мен физрук ким экенин билбейм», — деди соттук отурумда төрагалык кылуучу.

Ал эми “Next TV” телеканалынын жактоочусу сотто сурак берген эксперттер бир катар укук бузуулар менен иш барышкан деп эсептейт.

Анын айтымында, постту талдаган эксперттер сурак берип жатып, анда эки элди бөлүүгө жол берди деген эч бир далил айта алышкан жок.