Министр европалык эксперттерди жумушчу топ түзүүгө чакырды

Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон берки экологиялык зыяндарга баа берүү үчүн европалык эксперттерди жумушчу топ түзүүгө чакырды.

1267287.b50ada6faa21692292c8f36bfcbe5513 Министр европалык эксперттерди жумушчу топ түзүүгө чакырды

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай сунуш Еврокомиссиянын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррелдин «өлкөнүн тоо кен тармагындагы көйгөйлөргө тынчсыздануусуна» жооп иретинде айтылды.

Руслан Казакбаев менен Жозеп Боррель 22-ноябрда Душанбеде Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-отурумунун алкагында жолугушту. Маалыматка караганда, Жозеп Боррель сүйлөшүү учурунда европалык инвесторлор кайра калыбына келе турган энергия булагы жана туруктуу өнүгүү тармагындагы долбоорлорго каражат салууга кызыктар экенин билдирди.

Буга чейин Кыргызстан алтын өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc компаниясына кошумча экологиялык доо койгону белгилүү болгон.

Быйыл май айында парламент өкмөткө Кумтөр кенине тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган. Кумтөр ишин текшерген мамлекеттик комиссия канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкциялар үчүн 4 миллиард 252 миллион доллар карыз экенин билдирген. Ага чейин Октябрь райондук соту экологиялык нормаларды бузганы үчүн Centerra Gold компаниясын 261 млрд 719 млн 674 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

Компания айыптоолорду четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык сотторго кайрылган.