Кызыл-Суулуктар жолго асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сомдон ашык акча чогултушту

Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн тургундары Кызыл-Суу—Жаңы-Арык унаа жолуна асфальт төшөө үчүн акча чогултуп башташты.

Бул тууралуу Турмуш.кж басылмасы жазды.

Бул демилгени жергиликтүү жашоочулар өздөрү көтөргөнүн айыл өкмөттүн башчысы Мунарбек Камбаров билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн имаратында чогулуш болуп, ар бир айылда фонд, комиссия түзүлгөн.

«Эл өзү ушу идеяны көтөрдү. Анткени асфальт төшөө иштерине айыл өкмөттөн акча бөлө албайбыз. Биринчиден, аталган жол №45 жол тейлөө ишканасына карайт. Экинчиден, биз акча бөлүп, документтерин даярдап, салык төлөшүбүз керек болот. Андыктан эл ушул идеяны көтөрүп, азыр акча чогултула баштады. Ар бир кожолук эң аз дегенде 5 миң сомдон чогултмай болгон. Колунан келгендери андан көп сумма кошсо деле болот. Айыл өкмөттө 1 миң 324 кожолук жашайт. Орто эсеп менен 1000 кожолук 5 миң сомдон чогултканда 5 млн сом болот экен. Кызыл-Суу—Жаңы-Арык жолунун 30 чакырымынын 10 чакырымы асфальтталган. Министрге кирип чыктым, алар асфальтын алып бергиле, калганын биз жасап беребиз деп жатышат», – деди Камбаров.

Айыл өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда 1,5 млн сомдон ашык акча чогулду. Той-аштан баш тартып, ага жумшалган акчасын айылдыктардын фондуна берген тургундар да болуп жатат.

«Айыл өкмөттөгү ар бир айыл фонд түзүп, айыл тургундарынын айрымдарынан комиссия түзүп койгонбуз. Ар бир айылдын тургундары өздөрүнүн фондуна акча берип жатышат. Учурда 1,5 млн сомдон ашык акча жыйналып калды. Мындан сырткары ыксыз чыгымдарды кылбай, фондго акча кошкондор да болууда. Мисалга, Акылбек Солпиев деген жаран апасынын жылдыгына кете турчу 40 миң сом акчаны фондго кошту», – деди аталган айыл өкмөттүн Талаа айылынын тургуну Кушбак Досбаев.

Буга чейин Кызыл-Суу айыл өкмөтүндөгү көпүрөнүн материалдарын ӨКМ алып берип, жашоочулар өздөрү курушкан.

Айыл өкмөттүн курамында 5 айыл бар. Анда жалпы 5 миң 731 адам жашайт. Айыл өкмөттүн быйылкы бюджети 9 млн 700 миң сомду түздү.