Ат-Башы милициясы айыл тургундары менен жеринде жолугушууда

Бул тууралуу Нарын ОИИБи билдирди.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарына райондук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундарынын көйгөйүн угуп, жеринен жардам көргөзүшүп, юридикалык кеңештерин беришти.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту жана ар кандай чагымчылдыкка жол бербөө максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда мал жандыктар жайлоолордон түшүп жаткандыгына байланыштуу ар бир мал ээлери өздөрүнүн малдарына сак болуп, кароосуз калтырбоого чакырып өтүштү.

Мындан тышкары Балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында мектеп окуучулар менен байма-бай жолугушуулар уюштурулуп, кечкисин кечки рейддер өткөрүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.47.25 Ат-Башы милициясы айыл тургундары менен жеринде жолугушууда
WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.47.23 1 Ат-Башы милициясы айыл тургундары менен жеринде жолугушууда
WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.47.24 1 Ат-Башы милициясы айыл тургундары менен жеринде жолугушууда
WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.47.23 Ат-Башы милициясы айыл тургундары менен жеринде жолугушууда

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы