Баткендин тургундары бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты

Бишкек шаарына эвакуацияланып келген Баткендин тургундары бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Видео кайрылуу 28-сентябрда жарыяланды.  

Баткендин тургуну билдиргендей, алар Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында саат 07:00дөн бери күтүп жатышат.

“Үйүбүзгө кетебиз деп саат жетиден бери спорт сарайдын алдында турабыз.  Камчыбек Ташиевдин сөзү боюнча эл кайрадан кайтып жатат. Бизди акысыз Баткенге жеткиребиз деп айтышкан.

Эл күтүп жатат. Азырынча бизге унаалар келе элек. Аксакаладар, балдар күтүп турушат.  Унаа берилеби же берилбейби ошону айтып койсоңуздар”, — деди ал.