Бишкекте дайынсыз жоголгон үч жаштагы бала табылды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-мартта болжол менен саат 14:55 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Анда 1995-жылы туулган К.Э. аттуу айым 3 жаштагы Ы.И. аттуу баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Издөө иштеринин негизинде милиция кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап, апасына аман-эсен жеткирип беришкен.