Майлуу-Сууда баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө “Леха” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын 1975-жылкы С.А. аттуу тургуну үйүндө баңгизатын сактап, бекитип койгондугу аныкталган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында баңгизаты “марихуана” экендиги жана жалпы салмагы 2 кг 280 гр түзөөрү аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Dizajn bez nazvaniya 32 800x450 1 Майлуу-Сууда баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.