Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды

Бүгүн, 24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-марттан 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.

  • Чоң-Ашуу ашуусуна жааган кар калың болгондуктан унаа жол жабык. Тазалоо иштери аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу токтотулду.
  • 22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон — Ак-Шыйрак — Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун 58-59-чакырымынын төрт тилкесинде 10 000 м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык, тазалоо иштери жүрүүдө.
  • Түп районунун Түп – Кеген унаа жолуна кар калың жаагандыктан, жол эки тараптуу жабылган. Учурда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.