“Судья келген жок”. Next TV телеканалынын иши боюнча соттук отурум болбой калды

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турган Next TV телеканалынын иши боюнча соттук отурум 22-мартка жылдырылды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, саат 16:00гө белгиленген соттук процесс бир жарым сааттан ашык убакыт боюу башталбай туруп, кийинкиге жылдырылган.

«Соттук отурумга судья менен тергөөчү келген жок. Дээрлик бир жарым сааттан кийин Next TV каналынын ишин карабай, 22-мартка жылдырып коюшту. Бул соттордун жопкерчиликсиздиги жана соттордун саясий буйрук аткарып жатканынын далили»,-деди Равшан Жээнбеков.