Олуттуу маселелерди колдоп келгем, беш саат кармашты, – активист

Бул тууралуу Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыгып кармалган жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдирди.

«Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы тынчтык акциясына укук коргоочу Азиза Абдирасулованын демилгесин Фейсбук баракчасынан окугам. Анда Аксы окуясына 20 жыл жана Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салган чечими, Украинадагы аскердик операцияны токтотуу жөнүндөгү олуттуу маселелерди колдоп келгем. Эч кандай тартип бузуу болгон жок.

Бизди милиция бөлүмүндө беш жарым саат кармашты,-деди активист Токтонасыров.