Парламентте унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга жол ачкан мыйзам колдоо тапты

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Документке 50 депутат “макул”, 29 эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Жыйында белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилет.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат.

Эми автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат.