Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен тыгыз жана ишенимдүү кызматташуунун алкагында жарандар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп, калктын көйгөйлөрүн жеринен кабыл алып, аны ыкчам чечүүнү улантып келишет.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 16.03.28 Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда


Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында Чүй райондук милициясынын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, бул Жарлыктын маанилүүлүгүн түшүндүрүшүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 16.03.28 1 Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда


Бүгүн, 2022-жылдын 17-мартында Чүй РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасынын автоунаасы менен жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Асылбек Назаралиев милиция кызматкерлери менен кошо Карагул жана Шамшы капчыгайына барып, ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыкты туура жеткирүү жана түшүндүрүү үчүн жарандар менен жолугуп келди. Жолугушууда Жарлыктын максаты ашыкча чыгымдарды кыскартуу экендиги белгиленди.

Жергиликтүү тургундар дагы бул Жарлыкты колдоого алышып, аны тартипке келтирүү үчүн түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керектигин айтышты. Ошондой эле бул жолугушууда уурулук, мал уурулук фактыларын алдын алуу жана бетин ачуу иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 16.03.29 Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда


Андан сырткары, Чүй айылында жайгашкан М.Марков атындагы орто мектебине жана С.Ибраимов атындагы орто мектептерине Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары Асылбек Назаралиев, Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Ырысбек Сардарбеков, ЖКККБнын начальниги Рустам Джороев, Чүй РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, балдар менен иштөө инспекторлору жана Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айгуль Касымбекова, бөлүмдүн адиси Мехригуль Зибирова, социалдык кызматкерлер Айзада Назарова, Наргиза Женешбекова барып, «Тамеки чегүү», «Насвай», «Эрте турмушка чыгуу», «Ала-качуу», «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук», «Мыйзам бузуу» темалары боюнча бирге даярдашкан видео роликтерди окуучуларга көргөзүшүп, семинарларды өткөрүштү.
Ошону менен бирге, аталган мектептерде Чүй РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан «Жол эрежелерин сактоо» темаларында лекциялар өткөрүлүп, окуучулар менен маектешүүлөр болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 03 17 at 16.03.32 Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда
WhatsApp Image 2022 03 17 at 16.03.31 Чүйдө милиция элди сарамжал болууга чакырууда