“Жолтандабастарды минген көпкөн жаш балдар, эсирген адамдар караңгылатып жүргүсү келет”, – Акаев

унаалардын айнектерин караңгылатуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген депутат Жанар Акаев унаасынын терезелерин караңгылатууну кимдер колдоно турганын айтты.

«Айылдагы дыйкандар Porter, Audi-100 унааларынын терезесин караңгылатып алып күндөн коргонобу? Бүт акчасы бар, жолтандабастарды минген көпкөн жаш балдар, эсирген адамдар караңгылатып жүргүсү келет.

Жол кырсыгынын баарын ошолор кылып жатат. Телефондо сүйлөшөт, эрежелерди каалагандай бузат. Криминал муну эң көп пайдаланат. Криминалдын мен-мен деген кыйындарын көп болсо бир айга камадыңар, ээн-эркин атып кетүү, күнүгө авариялар болуп жатат. Ошону көрүп туруп караңгылатууга кантип уруксат беребиз», — деди Акаев.