Милиция кызматкерлеринин эмгеги менен жолдордо кырсыктар азайууда


2022-жылдын 2 айында республика аймагында 140 708 эреже бузуу аныкталган. Алардын ичинен спирт ичимдиктерин ичип алып унаа башкаруу факты– 2285, ар кандай жол эрежелерин бузгандык үчүн атайын унаа токтотуучу жайга -8950 унаа киргизилген.


Ал эми эң чоң жетишкендик бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-аракеттеринин аркасында жол кырсыктарынын жалпы саны -17,3%га, каза болгон адамдардын саны -15,5%га жана жаракат алгандардын саны -14,1%га азайганындыгы.


ИИМдин ЖКККББы бардык жол кыймылынын катышуучуларына, өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда каргашалуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга, жолдогу тартип ар бирибиздин кыймыл аракетибизден башталаарын унутпашыбыз керек экендигин эске салат.


ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы