Аламүдүн районунда тоноочулук фактысына шектүү кармалды


Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырнын натыйжасында Аламүдүн районунун
аймагында катталган тоноо фактысына шектелип 5 жаран кармалган.

Бул боюнча 2022-жылдын февраль айында Аламүдүн РИИБүнө 1998-жылы туулган
Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш адамдар анын жана
досунун телефондорун жана 10 миң сом акчасын тартып алышып белгисиз
тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.


Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында жогорудагы
кылмышкка тиешеси бар делип 5 жарандын өздүгү такталып, алардын ичинен 4
жаран кармалган. Алар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, материал
сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Ошол кылмышка катышты бар деген дагы бир шектүү жаранды кармоо үчүн
өзүнчө иш бөлүнүп өндүрүшкө алынган.


2022-жылдын 8-март күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн
кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын
натыйжасында буга чейин бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Р.Ж.
аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.