«Ала-Тоо» турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага лицензия берилген эмес

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 9-мартында интернетке жана социалдык желелерге чыккан 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөр боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, министрлик жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан «Ала-Тоо» турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага лицензия берген эмес.

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет жана алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет.

Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү. 

Ата-энелер балдарын жеке менчик формадагы бала бакчаларга берүүдө сөзсүз түрдө алардын укуктук ченемдик документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү зарыл. Жогоруда айтылгандардын негизинде Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан «Ала-Тоо» турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. Окуяга байланыштуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республикадагы бардык жеке менчик формадагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына Бишкектеги «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан бала бакчанын жетекчиси 5 жаштагы баланы урганы тууралуу билдирүү жазган.