Адахан Мадумаровдун иши боюнча комиссия чечим чыгарды

Башкы прокурордун Адахан Мадумаровдон кол тийбестикти алуу сунушун
караган депутаттык комиссия чечим чыгарды.

Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта «АКИpress»
агенттигине Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, комиссия Жогорку Кеңешке башкы прокурордун өтүнүчүн четке
кагууну сунуштайт.
Депутаттык комиссия жалпысынан 5 жолу жыйын өткөргөн.
Комиссиянын курамы:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан — Айбек Осмонов (комиссиянын төрагасы),
  • «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан — Исхак Масалиев,
  • «Ынтымак» фракциясынан — Мурадил Сыдыков,
  • «Ишеним» фракциясынан — Бахридин Шабазов,
  • «Ыйман Нуру» фракциясынан — Динара Ашимова,
  • «Элдик» депутаттык тобунан — Аманкан Кенжебаев.
    Башкы прокурор Курманкул Зулушев 10-февралда парламенттен Мадумаровду
    жоопкерчиликке тартууга уруксат суранган. Ошол эле күнү башкы прокурордун өтүнүчүн
    карай турган депутаттык комиссия түзүлгөн.
    11-февралда Мадумаров ага мамлекеттик чыккынчылык беренеси менен кылмыш иши
    козголгонун билдирген.
    3-мартта Исхак Масалиев мамлекеттик чыккынчылык беренеси кызмат абалынан
    кыянаттык менен пайдаланууга өзгөрүлгөнүн айткан.