Ошто мончонун ички жасалгасы күйүп кетти

Оштун Достук кичирайонунда жайгашкан мончонун ички жасалгасы күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 42 жаштагы Ж.А. аттуу жеңил күйүк алып, тез жардам кызматы жеринен жардам көрсөтүшкөн. Абалы жакшы.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.