Феликс Кулов: Украина жетекчилиги Орусиянын шарттарына макул болсо намысын жоготпойт

Орус-Украин согушу боюнча кырдаалда көптөгөн суроолор түшүп жатканын айтып, өз пикирин Facebook баракчасына мурунку депутат Феликс Кулов жазды.

«Менден Орусияны колдойсуңбу же Украинаныбы деп көп сурап жатышат. Мен дайым тынчтык үчүнмүн деп жооп берип келем. Айрымдары бул сөздөрүмдү түз жооптон качып жатат деп кабыл алышат экен. Же ак же кара деп так айтуумду талап кылышып, алардын ортосунда башка өңдөр да бар экенин моюнга алгысы келишпейт.

Аскердик аракеттер жүрүп жаткан кырдаалда, кеп биз аны “атайын аскердик операция” же “согуш” деп атаганыбызда эмес. Эки тараптын кайсы бир жагына карманууда дагы эмес деп эсептейм. Маанилүүсү – бул эки жак тең өзүнүн намысын жоготпой, тынчтыкты орнотуу менен өз жарандарынын өмүрлөрүн сактап калгандыгында.

Орус-Украин сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду болгону менен, орчундуу жылыш көрүнбөйт. Украина Крымдын кайтарылышын талап кылып, ЛЭР менен ДЭР аймактарын тааныбай койгону абалды курчутуп жиберди.

Орус делегациясы Крымдан жана бул эки аймакты тааныганынан баш тартпай турганы бардыгына эле белгилүү.

Жеке өзүмдүн дилетанттык оюмду айтсам, Орусия Украинанын нейтаралдуу, ядерлик эмес өлкө болуп, эч кандай аскердик блокторго кирбөөсүнө кызыкдар. Бул алардын башкы максаты. Азыркы кырдаалга жараша Украина бул шартты аткарып, эч кайсы тарапка кошулбай турганын тастыктап эле койсо, өлкө жетекчилигинин аброю түшмөк эмес.

Орусия үчүн алардын мындай шартты аткаруусу – атайын операциянын башкы максатынын ишке ашуусу болмок. Экинчи тапшырма – демилитаризация аткарылып да калды: аскердик инфраструктура дээрлик толугу менен талкаланды.

Ал эми ДЭР жана ЛЭР аймактары тууралуу маселени, аскердик күчтү чыгарып кеткенден кийинкиге калтырып койсо деле болот. Бул жерлер боюнча суроолор толук чечиле элекке чейин, убактылуу чара катары ДЭР менен ЛЭРге Украинанын курамындагы өзгөчө преференциялары бар автономдук аймак деген статусту берип турса болмок.

Бул автономиянын жана преверенциянын ар бир позициясынын деталдары тууралуу талкуулар – саясатчы, юрист, экономист жана аскерлер сымал серепчилердин колунда. Биринчи кезекте бул иштер ДЭР жана ЛЭР аймактарынын жашоочуларынын кызыкчылыгынын негизинде аткарылышы керек.

Крым боюнча бир аз татаалыраак. Ал жердин жашоочуларынын турмушун колдоо үчүн чечимдер табылып, жер аркылуу Орусиядан келген жүктөр Украинанын аймагы аркылуу эркин өтүшү керек.

Айтылган маселелерди кароодо убактылуу автономиялардын чек араларында тынчтык болобу жана ага кепилдикти ким берет деген суроо келип чыгат. Арачалай ала турган көк каскачандар кимден куралышы керек?

Украина жана Батыш өлкөлөрүнө шыр жакпай калбай турган вариантты караш керек. БУУнун көк каскачандарынын курамында ЖККУга кирген мамлекеттердин батальондору да болушу керек.

Мындай чечимге өткөн жылдын 16-сентябрында Душанбеде ЖККУ мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган Протокол укуктук негиз катары кызмат кыла алат. Парламенттер тарабынан ратификациялангандан кийин, БУУ тарабынан каралышы керек болот.

Бул кырдаал боюнча менин дилетанттык сунуштарым ушундай. Батыштын санкциялары жана  Орто Азия мамлекеттеринин Украина менен Орусияга карата мамилеси кандай болушу керек деген суроолорду козгогон жокмун.

Эң негизгиси азыр тынчтыкка келип, эки тараптын тең кызыкчылыктары чечилиши керек”, – дейт Кулов.