
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия бүгүн, 3-мартта жыйынтык чыгарат.
Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Айбек Осмонов билдирди.
«Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынды. Комиссияга бир ай убакыт берилген. Бүгүн корутундуну жалпы жыйынга алып чыгабыз», — деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн.
Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.