«Эхо Москвы» радиостанциясы жана сайты жабылат

«Эхо Москвы» директорлор кеңешинин көпчүлүк добушу менен радиоканалды жана «Эхо Москвы» сайтын жоюу чечими кабыл алынды, деп жазды «Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Алексей Венедиктов телеграмдагы каналында.
Роскомнадзор «Google′дан» «Эхо Москвы» тиркемесин өчүрүп салууну талап кылды, – деп
жазган ал.


«Meduza» билдиргендей, «Эхо Москвы» Youtube′да ишин улантат.


Буга чейин Венедиктов Башкы прокуратуранын сунушу менен Роскомнадзор
радиостанциянын эфирин өчүргөндөн кийин «Эхо Москвы» радиосунун келечектеги
тагдырын бүгүн директорлор кеңеши чечээрин жазган.