Атай Өмүрзаков: Дания өлкөсү кечирим сурап, келишим күчүндө калды

Кыргызстандык белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков 2-март күнү өзүнүн Facebook баракчасында ага Даниядан чалып, ортодогу келишимди үзүп салышканын, европалыктар менен эки жылдай пандемияга байланыштуу иштебей келгенин жазган. Алардын бул чечимдери Кыргызстан агрессор мамлекет Орусияны колдоду деп эсептегендиги үчүн чыгарылганын да кошумчалаган.

Бүгүн, 3-март күнү Өмүрзаков кайрадан социалдык тармактагы баракчасына ага аталган өлкөдөн өкүлдөр байланышып, түшүнбөстүк болуп кетиптир деп айтканын жазды. Телефон аркылуу чалгандар Дания өкмөтүнө Орус-Украин маселесинде Кыргызстандын нейтралдуу позициясын түшүндүрүп беришкени белгилүү болду.

WhatsApp Image 2022 03 03 at 15.38.46 Атай Өмүрзаков: Дания өлкөсү кечирим сурап, келишим күчүндө калды

Алар жөнөткөн катта мындай деп жазылган:

“Биз кырдаалды туура эмес түшүнүп алганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Биз силердин өлкөнү Орусиянын бир бөлүгү катары кабыл алып алганыбыз үчүн ыңгайсыз абалда турабыз. Буга байланыштуу сизди келишимде көрсөтүлгөндөй Данияда жана биздин циркте мындан ары да көрүүгө кызыкдарбыз. Жакын арада сиздин Данияга болгон тууралуу бийлик тарабынан маалымат келип калат деп күтүүдөбүз.

Аталган визаны алар замат сизге электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө даярбыз. Ошондуктан сиз менен Даниядан жолугууга кубанычта болобуз. Сураныч Данияга боло турган жолуңузду аныктаңыз, анткени Орусия аркылуу учурда уча албай турганыңызды билебиз. Мүмкүн Казакстан аркылуу”, – деп жазганын бөлүштү.