Өз кызын атасы зордуктады

27-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тарабынан  37 жаштагы Б.К.  мас абалында  12 жаштагы өзүнүн кызына сексуалдык зомбулук көрсөткөнү аныкталган.

Бул факты Свердлов райондук милицияга катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Свердлов райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.