Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

WW 68kg - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Эл аралык күрөш федерациясынын UWW жаңыланган рейтингинде кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү.

Рейтинг Түркиядагы биринчи Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Стамбулда Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгеге ээ болду.

Түркияда өткөн турнирде Жуманазарова 6400 упай топтогон. Бул жеңиштен кийин учурдагы дүйнөнүн чемпиону жана Токиодогу Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси 83 миң 600 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлүүгө шарт түздү.

Эске салсак, буга чейинки рейтингде Жуманазарова экинчи орунду ээлеген.