Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Ата районунда мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр
кармалышты

3c7eb8f1 dc8c 483a a5ad 85857a97f2c5 Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды
WhatsApp Image 2022 03 01 at 12.08.33 1 1 Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Чүй облусунун
аймагындагы айрым мүрзөлөрдүн темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр
талкалап жатышкандыгы тууралуу маалымат таркатылгын.

WhatsApp Image 2022 03 01 at 12.08.32 1 Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды
faf3848d 661f 48c1 9980 e56ef4ca99b4 Мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Учурунда Чүй
ОИИББнын басма сөз кызматы тарабынан эч кандай вандализм фактысы жок
экендиги тууралуу маалымат берилген. Анда тосмолордун темирлерин уурдоо
фактысы болгондугу боюнча материалдар катталып, териштирүү иштери
жүргүзүлүп жатканы кабарланган.


2022-жылдын 28-февраль күнү “Арсенал” рейди учурунда Ысык-Ата районунун
Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан
жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде Ново-Покровка айылында
жайгашкан мүрзөдөгү темир тосмолордуу уурдоого аракет кылып жаткан
учурда, 1979-жылы туулган Б.А. жана 1987-жылы туулган Б.С. аттуулар
кармалышкан. Бул факты боюнча 1974-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз
менен кайрылып, анын чоң атасынын мүрзөсүнүн тосмосун уурдоого аракет
кылышканын билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренелери (Уурдоого аракет кылуу) боюнча
катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда,
кармалган жарандардын Ысык-Ата районунун аймагында мүрзөдөгү темир
тосмолорду уурдоого байланыштуу дагы 4 кылмыш фактысына тиешеси бар
экендиги аныкталган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.