Украинанын президенти Евробиримдикке мүчө болуу боюнча арызга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу боюнча арызга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппарат жетекчисинин орун басары Андрей Сибига Facebook баракчасында билдирди.

«Владимир Зеленский азыр эле тарыхый документке — Украинанын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча арызга кол койду. Документтер азыртан эле Брюсселге кетип жатат», — деп жазган ал.

250725 768x1024 1 Украинанын президенти Евробиримдикке мүчө болуу боюнча арызга кол койду
250724 768x1024 1 Украинанын президенти Евробиримдикке мүчө болуу боюнча арызга кол койду