Беларуссияда Украина менен Россиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды

Беларуссияда Украина менен Россиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Россия делегациясын президенттин жардамчысы, мурдагы маданият министри Владимир Мединский жетектейт.

Ал эми Украина тараптан коргоо министри Алексей Резников, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын башчысы Давид Арахамья, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк жана башкалар барды.