Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык үчүн алты жаран кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы, жаратылышты коргоо мекемелери менен бирдикте, мыйзамсыз аңчылык жана курал-жарактарды тегеретүү эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо, алдын алуу максатында, «Браконьер» аталышында ыкчам-профилактикалык иш чарасын өткөрүүдө.

99 2 Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык үчүн алты жаран кармалды

26-февраль күнү, аталган иш чаранын жүрүшүндө, туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жана «Илбирс» коомдук фондусунун өкүлү, мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен «Нива-Тайга» жана «Nissan Patrol» үлгүсүндөгү автоунааларын Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүнүн «Жаман-Эчки» коктусунун кире беришинен токтотушкан.

Автоунааларды текшерүү учурунда, Барскоон айылынын тургундары 45 жаштагы У.А., 51 жаштагы Б.Н., ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары 50 жаштагы Т.Т., 60 жаштагы К.И., 58 жаштагы Н.Б. жана 60 жаштагы И.Б. тиешелүү болгон 4 сайлуу жана 2 сайсыз ок атуучу куралдар табылып алынган.

Андан тышкары автоунаадан, кара пакетке салынган, болжолдуу тоо текесине тиешелүү болгон жаңы союлган эти табылып алынган.

66 4 Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык үчүн алты жаран кармалды

Аталган факты боюнча материалдар Жети-Өүз РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.