Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Сооронбев кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн жетектеп келген.

Сооронбаевге жетекчи дайындалганга чейин каржылык жана административдик документтерге кол коюу укугу менен борбордун директорунун милдеттери убактылуу жүктөлдү.