Финансы министрлиги ведомстволорго унаа сатып алууга жана ремонт кылууга тыюу салды

1-марттан тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилет, – деп билдирет КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, президенттин “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, 2022-2023-жылдарга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.

2022-жылдын 1-мартынан тартып министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана башка органдарга кызматтык унааларды сатып алууга жана бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттар менен кызматтык жайларда капиталдык ремонтту өткөрүүгө тыюу салынат.