Маданият министрлигинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн конкурс жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка караганда, жасала турган иштер 28 миллион 927 миң сомго бааланууда. Конкурска катышууну каалаган курулуш компаниялары 15-сентябрга чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына кайрылышы шарт.