Түнкү саат үчтө белгисиз өспүрүм кыздар ишкананын алдындагы гүлдөрдү талкалап кетишти

Муниципалдык менчик башкаруу ишканасынын алдындагы гүлдөрдүн талкалап кетишкен. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирип, видео менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, 31-август, түнкү саат 03:30 арасында белгисиз өспүрүм кыздар тарабынан гүл чакаларын ыргытып жана талкалап кетишкен.

«Видеону бөлүшүп соц тармактарга аталган тарбиясыз адамдарды таап мыйзам чегинде жаза көрүлүшү керек жана башкаларга сабак болууга тийиш!!!», — деп жазылат билдирүүдө.