“Баткен” аэропорту оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

“Баткен” аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана оңдоо иштерине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.