Мбанктын директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү мурда ким болуп иштеген?

«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» ААКсынын (Мбанк) Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду.

Маалыматка ылайык, Нурланбек Тынаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Анын ордуна буга чейин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы, «Аю Гарант» камсыздандыруу компаниясы» ААКсынын башкы директору жана Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген Максатбек Ишенбаев дайындалды.