Бишкекте жол оңдоо иштери башталды

Борбор калаада «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан участоктордун тизмеси:

  • Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жамалууда;
  • Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
  • Ч.Айтматов проспектисинин резиденциядан баштап Жибек-Жопу проспектисине чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
  • Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери жаңыланууда.
    -Алыкулов көчөсүнүн Селекция көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаракаларды толтуруу иштери жүрүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.