АКШ Орусияга санкция киргизди

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Украинага басып киришин айыптап, «Чоң жетиликтин» лидерлери «кыйратуучу санкциялар пакетин» киргизүүгө макул болгонун айтты.

Өз сөзүндө Байден орус чиновниктерине, ири бизнесмендерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө катаал санкциялар киргизилерин белгиледи. Санкциялар активдери 1 триллион доллардан кем эмес бир нече орусиялык банктарга, анын ичинде Сбербанк менен ВТБга да киргизилүүдө.

«Чоң жетиликтин» лидерлери Орусиянын доллар, евро, иен жана башка эл аралык валюталар менен бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектешет. Санкциялар Орусиянын космостук программасына да таасирин тийгизип, Орусиянын жогорку технологиялуу продукциясын импорттоо 50%га чектелет.

Ошондой эле ал, «АКШ аскерлери Украинада Россия менен согушпайт. Биздин күчтөр НАТОнун союздаштарын колдоого жана коргоого багытталган»,- деп билдирген.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өл