Кыргызстанда жабыла турган 12 менчик медициналык окуу жайдын тизмеси

Кыргызстанда 12 менчик медициналык окуу жай жабылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эксперттик комиссиянын текшерүү учурунда жабыла турган окуу жайлардын клиникалык базасы жана тийиштүү медициналык багыттагы жабдуулары жок болуп чыккан. Мындан улам №6 лицензиясын жокко чыгаруу пландалууда.

Жабыла турчу медициналык окуу жайлардын тизмеси:

  1. АДАМ университети (Бишкек финансы-экономикалык академиясы);
  2. Кыргызстан Эл аралык университетинин медицина институту;
  3. «Авиценна» эл аралык медицина университети;
  4. Эл аралык медицина университети;
  5. Роэль Метрополитен Университети;
  6. АВС Академиясы;
  7. Эл аралык Медицина жана илим университети;
  8. Эл аралык Илим жана бизнес академиясы;
  9. Бишкек Эл аралык медицина институту;
  10. Медико-социалдык илим-изилдөө институту;
  11. Кыргыз Медико-стоматологиялык синституту;
  12. Ош Эл аралык медицина университети.