Болгариядагы мелдеште Акжол Махмудово коло медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча Болгариядагы Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык мелдешинде Кыргызстандык балбан Акжол Махмудово коло медаль жеңди.

Маалыматка ылайык, Махмудов 77 кг салмакта турнирдин тандоо турунан баштап катышты. Алгачкы атаандашы грузиялык Бека Мамукашвилини Махмудов 5:1 эсебинде утуп алган.

Ал эми мелдештин 1/8 финалында болгариялык балбанды эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөттөн мурда жеңишти камсыздады.