«ЗиЛ» тоо лыжа базасында кайрымдуулук фестивалы өттү

«ЗиЛ» тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы 19-феварлда өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук фестивалды маданият министри Азамат Жаманкулов ачты.

Өз сөзүндө ал туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын айтып, бул тармакта инвесторлорду тартуу иштери күч алып жаткандыгын белгиледи. Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базалары пайда болушу керек. Анын үстүнөн өкмөт да, министрлик да иштеп жатат.

Ошол эле учурда кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратканын айтып, Кыргызстандыктар үчүн жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады деп кубануу менен айтты.

Ошондой эле Жаманкулов кайрымдуулук фестивалды биргеликте уюштурган өнөктөштөргө жана уюштурууда салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирип, Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытууга болгон аракеттер күчөтүлө тургандыгын баса белгиледи.