Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 11 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн Victory Cup and Champions эл аралык мелдешинде 11 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен бидиришти.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар Анталия шаарында  29-апрелден 4-майга чейин болуп өттү.  Кыргызстандык балбан аталган мелдеште 3 алтын, 3 күмүш, 5 коло байге алды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча (U-20) Таңчолпон Кабылова (59 кг) жана Калмира Билимбекова (62 кг) күмүш медаль утту. Ал эми, Айтолкун Медет кызы (57 кг) коло медалга ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча (U-23) Жантөрө Мырзалиев  (63 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Сабит Шамшидинов (60 кг) алтын медаль тагынды. Имур Темирбеков (U-17; 72 кг) күмүш байге алды. Ошондой эле, Абдулазиз Аскарбеков (72 кг) менен Алибек Бердиев (77 кг) коло утту.

Эркин күрөш боюнча (U-20) Аден Сакбаев  (65 кг) жана Автандил Төлөгөнов (79 кг) коло медалдын ээлери болушту.