Журналист Сайрагүл Дуулатова Аламүдүн милициясына ыраазычылыгын билдирди

ИИМ: Журналист Сайрагүл Дуулатова Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди, – деп билдиришти ИИМден.


Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана тартип сакчыларынын дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет. Жакында ички иштер министри Улан Ниязбековдун атына Бишкек шаарынын тургуну, журналист Сайрагүл Дуулатовадан ыкчам аракеттерди көргөн Аламүдүн РИИБдин начальниги Нурланбек Эркинбаевге жана анын өздүк курамына ыраазычылык билдирген кат жолдогон. Катты толугу менен сунуштайбыз.

WhatsApp Image 2022 02 14 at 10.40.03 Журналист Сайрагүл Дуулатова Аламүдүн милициясына ыраазычылыгын билдирди


“Урматтуу Улан Омоканович! Сизге жана сиздин кол алдыңыздагы милиция кызматкерлериңе терең ыраазычылык билдиребиз.


Атабыз Садык Дуулатов, жогорку билимдүү экономист-бухгалтер, партиялык жана мамлекеттик кызматтарда 40 жылдан ашык убакыт эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Акыркы жылдары ден соолугу начарлап, альцгеймер оорусу менен ооруп жатат. Оорунун таасири менен үйдөн чыккан боюнча 31-январдан 4-февралга чейин, 4 сутка дайынсыз жоголду. Атабызды өз алдыбызча издөө натыйжа бербегендиктен, жашаган дарек боюнча Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылдык. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Эркинбаев жана анын жамаатынын ыкчам аракетинин натыйжасында атам аман-эсен табылды.


Үй-бүлөбүздүн атынан Нурланбек Эркинбаевге, жамаатына терең ыраазычылык билдирүүнү чечтик. Ар дайым элибиздин кызматында жүрө бериңиздер.
Урматыбыз менен Дуулатовдордун үй-бүлөсү”,-деп ыраазычылыгын билдирген Сайрагүл Дуулатова.