Калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

25-январда УКМК тарабынан Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн “Ш.Э.М.”  аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

75feb0e6 b169 4917 b294 fe151f8808db Калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Х.Х.Х.” аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.

a3b0aa8c 5dd4 4344 ad43 a90c0c2e545c Калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.