Паспорттогу ИИН номери аркылуу баласынын күбөлүгүндөгү номерди жазып каттоодон өтсө болот

Бүгүн, 26-январда электрондук каттоо боюнча маалымат жыйында «Инфаком» ишканасынын өкүлү Азамат Календеров электрондук каттоонун техникалык жагдайларын түшүндүрүп берди.

Blue Floral Collage Wallpaper 2022 01 26T084430.302 1024x576 1 Паспорттогу ИИН номери аркылуу баласынын күбөлүгүндөгү номерди жазып каттоодон өтсө болот

«Мурдагы учурларда ата-энелер электрондук каттоодо документтердин сүрөтүн сканерден өткөрүп, каттоого киргизишчү.

Азыр болсо паспорттогу ИИН номерин жазып, баласынын күбөлүгүндөгү номерди жазып каттоодон өтсө болот. Быйыл жогорудагыдай жеңилдиктер каралды. Каттоодон өткөн соң паролду унутуп калган учурда, ата-эненин фамилиясы аркылуу калыбына келтирсе болот», — деди ал.