“Алгачкы паспортун алды”: Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды

УКМК 33 жаштагы жаран өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-апрелинде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.

Көрүлгөн чаралардын негизинде, М.А.Чернышовго Кыргызстандын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.

2023-жылдын 16-мартында Чернышов М.А. УКМКнын төрагасына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу (Фейсбук социалдык тарбагында)  жасаган.

xgknb kr 33 letnij grazhdanin vpervye v zhizni poluchil dokument lichnosti7 1200x630.jpeg.pagespeed.ic .bw6OA 2 Cj "Алгачкы паспортун алды": Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды

whatsapp image 2023 04 06 at 15 28 59 3 "Алгачкы паспортун алды": Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды
1024x682xgknb kr 33 letnij grazhdanin vpervye v zhizni poluchil dokument lichnosti6.jpeg.pagespeed.ic .3ZFbKg JU3 "Алгачкы паспортун алды": Камчыбек Ташиев 33 жаштагы жаранга паспорт тапшырды