Алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалды

Ак-Ордодогу жер маселесине байланыштуу алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, Тергөө башкармалыгынын тергөө тобуна жүктөлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген берененин негизинде шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгоо стадиясында турат.

Аталган жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз өзүнчө аянты 4 сотыхдан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500ден 5000 АКШ долларына чейин баалап ишеним кат менен сатып жибергендиги аныкталган.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында, Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жаран кармалышкан болчу.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.